Connect with us

Асрандиев: Четтен алып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 801 | 0

Эл аралык донорлордон алып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант болуп эсептелет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон.

— “Жалпы сумманын 26%ы грант түрүндө алынууда – 166 млн доллар. Калган 461 млн доллар жеңилдетилген насыя катары берилүүдө. Алардын шарттары: мөөнөттөрү 10 жылдан 20 жылга чейин, үстөгү 0,7-1,5%, негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт каралган”, — деди ал.

Эске салсак, кечээ президент Сооронбай Жээнбеков четтен келген акчага кол салгандарга аёо жок экендигин айтып, өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбай турганын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM