Биз менен байланышыңыз

Финпол жасалма арак чыгаргандарды кармады (видео)

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 962 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жасалма арак өндүргөн топту колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, финполициянын Бишкек шаарындагы башкармалыгына “АЮ” брендинин өкүлү кайрылып, белгисиз адамдар аталган бренд менен жасалма арак өндүрүп жатканын кабарлаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 229-берененин 1-бөлүгү боюнча (спирттик жана спирттик кошулмасы бар суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу) катталды.

Ыкчам иликтөө учурунда алкоголдук ичимдиктерди Ош базары тарапта жеке үйдө көптөн бери чыгарып келишкени аныкталган.

10-июлда Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Кудайберген” базары тарапта да издөө-териштирүү иштери жүргөн. Анын жыйынтыгында аксиздик маркалары жок, шектүү алкоголдук ичимдиктер табылган.

 -«Беленькая», «Булька», «Главспирт», «Consul» аталыштагы ичимдиктер жана «Бишкек», «Семетей», «Кыргызстан» бренди менен чыгарылган 1000 даана арак жана коньяктар табылды,-деп айтылат маалыматта.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мындай фактыларга күбө болгон жарандардын кабар берүүсүн өтүнөт. Ал үчүн 1955 кыска номуруна байланышууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM