Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол кенин изилдөөгө, чалгындоого уруксат бергендер Кайрат Жумалиев, Замир Эсенаманов, Ишимбай Чунуев жана Дүйшөнбек Зилалиев экенин санап берген.
Мындан улам биз: «Кен казуу боюнча уруксатты ким жана кандай негизде бере алат?» — деген суроо менен адистерге кайрылып көрдүк.
Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын мурунку төрагасы Дүйшөнбек Кыргызбаев ким уруксат бере аларын төмөндөгүчө түшүндүрдү:
— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдында түзүлгөн комиссия бар. Мекеменин башчысы комиссиянын жетекчиси болуп эсептелет. Мүчөлөрү: жетекчинин орун басарлары жана тийиштүү адистер. Ошол көпчүлүктүн чечими менен уруксат берилет.
Кызыл-Омпол кени биосфералык статусу бар аймакта жайгашкан. Мыйзам боюнча мындай макамдагы аймакта кен иштетүүгө тыюу салынат. Андыктан, аталган кенди иштетүүгө уруксат берген жетекчилер мыйзам бузган. Мындай пикирин Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев билдирди.
— Мыйзам боюнча лицензияны ким сурабасын, уруксат берилет же баш тартылат. Бирок, бербеген учурда уруксат берилбеген себеби так болушу керек. Ал эми Кызыл-Омпол кенинде бербей коюуга себеп бар болчу. Анткени, кен жайгашкан аймакка «Биосфералык аймак» деген макам берилген. Мындай жайларда кен казууга уруксат берилбейт. Ушул себептин негизинде, кенди иштетүүгө уруксат берүүдөн баш тарса болмок. Эмне үчүн лицензия берилгендиги боюнча тийиштүү жетекчилер жооп берүүсү кажет.
Ал эми «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматовдун айтымында, уранга тиешелүү маселени президент менен премьер-министр гана чечет. Ошол эле учурда, өкмөт чыгарган чечимде, көпчүлүк коалициянын да моралдык жоопкерчилиги бар.
— Уран, Кумтөр, Жер үйдү эки гана адам чечет. Ал — президент жана премьер-министр. Президент премьер-министрге тапшырма берет, премьер-министр тйиштүү министрликтер менен макулдашат. Бирок, анын ичине көпчүлүк коалиция да кирет. Себеби, өкмөт — ошолордун өкмөтү. Кайсы фракция болбосун, «Ээ, айланайын, бералбайм!» — деп айтышы керек эле да. Ошол лицензияга кол коюп берген үч министрликтин министрлерин көпчүлүк коалиция сунуштаган. Демек, алар да моралдык жактан жоопкерчилик алышы керек.
Ал арада жер казынасын пайдаланууга берүү боюнча комиссия «Юразия Кыргызстан» компаниясынын Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо жүргүзүүгө алган лицензиясын токтотту. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган ишканага «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кат келип түшкөн.
— Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине КРнын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан «Юразия Кыргызстан» ЖЧКсынын Кызыл-Омпол кениндеги ишмердүүлүгүн текшерүү тууралуу кат келип түшкөн. Аталган кат жер казынасын пайдалануу, лицензиялоо маселеси боюнча комиссиянын отурумунда каралып, жер казынасы жөнүндөгү КРнын мыйзамынын 26-беренесине ылайык, 2852МР лицензиясынын негизиндеги жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандыгы маалымдалат.
Уранды казууга 50 жылдык мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттардын бири, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов лицензия токтотулуп, элдин талабы аткарылгандыгы жакшы жаңылык экендигин айтат. Бирок, Кызыл-Омполдун лицензиясынын токтогону, бардык уран кендеринин казылуусуна чекит коюлду дегенди билдирбейт.
— Элдин талабы, каалоосу аткарылыптыр. Эгерде, лицензияны кайра чакыртып алса, демек, алар мындан ары каза албайт. Бирок, бул маселе мыйзам аркылуу бекитилмейинче, кайра-кайра көтөрүлө берет. «Кыргызстандын бардык аймагында уран казуу токтотулсун, буга чейинки берилген лицензиялардын баары жокко чыгарылсын», — деген мыйзам кабыл алуу керек. Кен казууга уруксатты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети берет. Ал мекеме түздөн-түз премьер-министрге баш иет.
Буга чейин «ЮрАзия Кыргызстан» ишканасы да билдирүү жасап, Кызыл-Омпол кенин акыркы технологиянын жардамында, экологиялык жактан коопсуз жол аркылуу казарын билдиришкен. Мындан сырткары, чалгындоо иштерине эле 271 миллион сом сарптаганын маалымдап, комиссиянын жыйынтыгын күтөрүн айтышкан.