Биз менен байланышыңыз

Уран казууга тыюу салган мыйзам коомдук угуудан өттү

Пикирлер | 7 мая 2019 | 817 | 0

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште уран кенин иштетүүгө түбөлүккө тыюу салуу боюнча мыйзам коомдук угуудан өттү. Мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков демилгелеген. Угууга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, коомдук активисттер, Ыссык-Көл, Нарын облусунун тургундары жана «ЮрАзия в Кыргызстане» компаниясынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн пикрин билдирип, сунуштарын айтышты.

Бүгүнкү угуудан өтүп жаткан уран кени боюнча көйгөй тоо-кен тармагында бирдиктүү мыйзамдын жоктугунан келип чыкты. Лицензия берүүдөгү башаламандыктарга мыйзам кабыл алуу менен чекит коюу керек. Мындай пикирин Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев билдирип, экологияга зыян келтирбей уран казуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

— Тоо-кен тармагы адам баласынын өсүшүнө жардам бере турган нерсе. Тилекке каршы, эгемендик алгандан бери, бул тармакта бирдиктүү саясат жок. Боло турганына деле, болбой турганына деле лицензия берилип жатат. Быйылкы жылдын январ айына эсептегенде, 2800 лицензия берилиптир. Мунун кимге кереги бар? Эми биз карап жаткан уран кени боюнча айтсам, уран — уулуу зат, эч убакта адамга пайдасы жок. Ошондой эле, уран иштетилген жерде сөзсүз экология бузулат.

Кызыл-Омпол уран кенин ишке киргизүүдө гравитациялык деп аталган ыкма колдонулуп, эң зыяндуу иштетүү Кара-Балта тоо-кен комбинатында жүргүзүлөрү айтылган. Балыкчы шаарынын тургуну Эрик Жандыбаев Кара-Балта тоо-кен комбинаты Казакстандан казылган уранды иштеткендин кесепетинен, аймакта уран калдыктары көбөйүп келгендигин маалымдады.

— Радиацияга байланыштуу эң чоң көйгөй Кара-Балтада жатат экен. Кара-Балта тоо-кен комбинаты Казакстандан уран алып келип, бизден сурабай иштетип, калдыктары көбөйүп жатыптыр. Тегерегинин баары ууланып бүтүптүр. Кара-Балта бизге чоочунбу? Элдин ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирип жаткан Кара-Балта комбинатын эмнеге жашырасынар? Уранга байланыштуу бүт зыянды изилдеп чыгуу зарыл.

Кызыл-Омпол уран кенине чалгындоо иштерин жүргүзүүгө эң алгачкы уруксат 2010-жылы берилген. Активист Марат Акатов уранга каршы чогултулган 1200 кишинин колун эл өкүлдөрүнө тапшырса, Исабек Алдосов уран иштетүүгө уруксат бергендерди чыккынчы деп сыпаттап, аларды жазага тартуу керектигин баса белгиледи.

— Уран — бул, эң зыяндуу зат экени баарыбызга белгилүү. Ошого карабай, аны казууга, иштетүүгө уруксат бергендер — элдин душманы, фашисттер. Алардын баары мыйзам алдында жооп бериши керек. Биз талап кылабыз муну!

Жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөө ниетин билдиргендер көп болду. Коомдук угуу болгондуктан, бардык пикирге мүмкүнчүлүк берилери жыйындын башында айтылган. Бирок, «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү сөз кезеги келгенге чейин эле имараттан чыгып кетишти.

Бүгүнкү өкмөт бир да кенди иштетүүгө уруксат берген эмес. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдап, уранга каршы мыйзам боюнча өкмөттүн позициясы кандай экендигине токтолду.

— Биринчиден, бул мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн позициясын билдирип коёюн. Биз колдойбуз! Жакында урматтуу президентибиздин да сөзүн уктуңуздар. Аткаруу бийлиги катары бүгүнкү өкмөт жумушту алып барганга даяр. Айтайын дегеним, бүгүнкү өкмөт бир да лицензия берген эмес. Акыркы лицензия 2018-жылдын 25-февралында берилген экен. Өкмөт апрель айында келген, билесиздер. Өкмөт ишке кирген күндөн тарта инвентаризация жүргүзүп, мыйзамдарды жолго коюп, тартипке салуу боюнча иштеп келатат.

Угууга катышкандар тарабынан бир катар суроо-талаптар айтылып, сунуштар берилди. Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Алмамбет Шыкмаматов эске алынчу сунуштарды тизмектеп берди.

— Бүгүнкү мыйзамды талкуулоодо төрт сунуш келип түштү. Биринчиси, кенди иштетүүгө жана юридикалык жана жеке тараптарга ишетүү максатында берүүгө тыюу салуу; экинчиси, буга чейин айтылгандай эле 50 жылга эмес, түбөлүккө тыюу салуу; бул башка мыйзамдарга каршы келбейт. Казинолорду ушинтип эле токтотконбуз. Тил маселеси боюнча да айтылды, муну да карап чыгабыз. Мыйзамды мамлекеттик тилге которобуз. 

Ал эми «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов уранды иштетүүнү токтотууга элдин, активисттердин аракети зор болгонун айтып, эл өкүлдөрү жайкы эс алууга кеткенге чейин, эки айдын ичинде демилгеленип жаткан мыйзамды аягына чыгарып, президентке кол коюуга жиберүүгө сөз берди.

— Элге, жалпы активисттерге чоң ыраазычылык билдиребиз. Эгерде сиздер ушунчалык чуу көтөрүп чыкпаганыңыздарда Кызыл-Омполдун келечеги кандай болмок, бир Кудай билет. Эс алууга кеткенге чейин эки ай убактыбыз калды. 26-апрелде коомдук угууга чыккан. Бир убактыбыз калат.  Үч окууну бир кароо биздин тажырыйбада колдонулуп келатат. Бул биздин өзүбүздүн колубузда. Сиздерге сөз беребиз, эс алууга кеткенге чейин ушул мыйзамды аягына чыгарып, президентке кол коюуга жиберебиз!

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш 2-май күнү уран кенин иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков да 4-майда  Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда өлкөдө уран казылбай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM