Биз менен байланышыңыз

Парламентте уранды иштетүүгө тыюy салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өтөт

Кыска кабар | 5 мая 2019 | 806 | 0

7-майда Жогорку Кеңеште уран кенин иштетүүгө түбөлүккө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук угуудан өтөт. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынан кабарлашты.

Мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков демилгелеген.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш 2-май күнү уран кенин иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков да 4-майда  Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда өлкөдө уран казылбай турганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM