Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 614 | 0

«Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Балыкчы шаарынын калкы менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи. Ошондой эле болуп өткөн окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди. Мындан тышкары, учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча аймактарга эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM