Ушул жылдын 30-сентябрына карата Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4 миң 551 лицензия катталган жана берилген. Бул тууралуу маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия тарабынан 2021-жылы 8 отурум өткөрүлдү, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 317 талапкердин арызы каралган:
- 285 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилди;
- 32 талапкерге квалификациялык экзаменге киргизилген жок;
- 92 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды;
- 140 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган жок;
- 21 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга келген эмес.
2021-жылы адвокаттык иштин маселелери боюнча Юстиция министрлигинин төмөнкү буйруктары чыгарылды:
- 52 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө;
- 38 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун жандандыруу жөнүндө;
- 11 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын дубликатын берүү жөнүндө;
- 1 лицензиянын аракетин токтотуу жөнүндө.
Ал эми 4 миң 551 берилген лицензиянын ичинен:
- 3541 иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар;
- 64 лицензия жокко чыгарылды;
- 53 адвокат адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылган;
- 79 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясы токтотулган;
- 548 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы токтото турулган;
- 2 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия чакыртылып алынган;
- 190 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын бланкасы бузулган.