Биз менен байланышыңыз

«Твиттер» саясий жарнамаларга тыюу салат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 586 | 0

«Твиттер» кыска блогдор сервиси бардык өлкөлөрдөгү саясий рекламаларга тыюу салуу ниетин билдирди. Анын себебин компания жетекчиси Джек Дорси жазылган каттар «реклама аркылуу жайылбашы керектиги» менен түшүндүргөн.

«Биз дүйнө боюнча «Твиттерде» саясий жарнамаларга тыюу салууну чечтик. Саясий билдирүүлөрдүн таасири реклама аркылуу жайылуусу туура эмес деп эсептейбиз».

Тыюу салуулар 22-ноябрда күчүнө кирет. Компания 15-ноябрда толугураак маалымат берерин билдирди.

Буга чейин «Твиттердин» конкуренти «Фейсбук» социалдык тармагы саясий жарнамаларга чектөө киргизүүдөн баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM