Биз менен байланышыңыз

Инстаграм балдарга катталууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 915 | 0

Мындан ары жашы 13кө чыга элек өспүрүмдөр Инстаграм социалдык тармагында аккаунт ача алышпайт.

Инстаграм катталууда туулган жылын сурап баштады. Компания бул нерсе жаш балдардын катталуусун токтотуу үчүн керектелерин айтат.

Эгерде Инстарграмга Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кирсе, анда социалдык тармак ошол жактан эле жашын биле алат.

13 жаш Американын мыйзамына ылайык тандап алган. Ага ылайык, бул жаштан кичине балдар тууралуу маалымат топтоого ата-эненисинин макулдугу болушу керек. Фейсбук буга чейин эле жаш балдарга катталууга тыюу салган.

Кошумчалай кетсек, Инстаграм көмүскө лайк эсептегич кызматын тестирлөөнү баштаган. Ага ылайык, бирөөнүн сүрөт же видеосундагы “жактылардын” саны көрүнбөй калган. Аларды контент ээси гана көрө алат.

Copyright © 2017 Maral FM