Биз менен байланышыңыз

94 жаштагы британдык алып баруучу Инстаграмда рекорд жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 576 | 0

Британдык алып баруучу жана жаратылыш тууралуу документалдык фильмдерди тарткан Дэвид Аттенборо Инстаграмда дүйнө боюнча эң бат катталуучу топтоп, Гиннес рекорддук китебине киргизилди. Бул тууралуу китептин сайтында маалымдалган.

94 жаштагы Аттенборо 4 саат ичинде миллион катталуучу топтогон. Биринчи постунда эле ал глобалдык жылуулануу маселеси тууралуу айткан.

— Мен радио менен телевидениеде 60 жылдан ашык иштедим, бирок Инстаграмда биринчи жолу,- деп моюндаган.

Андан сырткары алып баруучу роликте континентти каптаган өрт, муздардын эриши, өлүп бараткан коралл рифтери тууралуу айтып, дүйнө кыйын кырдаалда турганын эске салган.

Дэвид Аттенборо аккаунтун жеке өзү жүргүзбөйт. Ага «Биздин планетадагы жашоо» документалдык фильмин тартууда чогуу иштешкен Коллин Батфилд менен Жонни Хьюз жардам берет. Алардын айтымында, Аттенборо үчүн социалдык тармактар — адаттан тыш жашоочу жер.

Буга чейинки рекордду актриса Женнифер Эннистон жараткан болчу. Ал соцтармакка 2019-жылдын октябрында катталып, 5 саат 16 мүнөт ичинде миллион колдонуучу топтоого жетишкен. Андан мурдагы рекорд койгондордун тизмесинде футболчу Дэвид Бекхэм жана Папа Франциск болгон.

Дэвид Аттенборонун колдонгонуна 3 күн болгон Инстаграмдагы баракчасынан 4,5 млн катталуучуну көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM