Биз менен байланышыңыз

Атабеков: Мурун элдер лотереяга акча коротушчу, ГИВде баары бекер, эч кимге зыяны жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2020 | 1416 | 0

Учурда КР эмгек сиңирген  артисти Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен ГИВ уюштуруп, аны Кыргызстандагы эң масштабдуу иш-чара деп атады. Анткени башкы белек катары Бишкектен батир коюлган. Мындан сырткары унаа жана башка баалуу белектерди да камтып, өзгөчөлүгү бир жыл бою ойнотулат. Бирок, учурда социалдык тармактарда шоу-бизнес өкүлдөрүнүн мындай аракеттерин сындагандар да бар. Алар «ырчылар маданият менен алектенбей, маркетинг менен алектенип кетти» деген сыяктуу пикирлерин калтырууда.

Ырчы Мирбек Атабеков «Маралга» берген маегинде бул гив оюндарынын эч кимге зыяны тийбей турганын айтты. “Мурун эл лотерея сатып алып ойноп, утпай калса, акчасы кетчү, Инстаграмда болсо гив ойноо оңой жана эч кимден эч кандай акча кетпейт. Болгону демөөрчүлөргө катталуу гана керек»,- дейт Атабеков.

-Мен өзүмдүн Инстаграмдагы катталуучуларыма жакшы маанай тартуулап жатам. ГИВди буга чейин канчалаган дүйнө жылдыздары кылган. Маселен, Орусиянын белгилүү ырчысы Тимати да катталуучуларын көбөйткөндө ушул ыкманы колдонгон. Биздин ГИВде абдан чоң белектер коюлду. Алсак, заманбап салынган үй, жаңы унаа жана башка баалуу белектер. Ошондой эле Умрага билет да ойнотуп жатабыз. Бул жөн гана элге болгон жакшылык. Мурун лотерея ойнотулчу. Канчалаган адамдар билет сатып алып, утпай калып капа болуп, акчасы да кетчү. А бул Инстаграм аркылуу ойнотулуп жаткан ГИВ абдан оңой. Болгону демөөрчүлөргө катталып коет. Утса, белек берилет. Утпай калса, ал адам капа болбойт, анткени анын акчасы кеткен жок да».

Инстаграм аркылуу ойнотулуп жаткан ГИВ оюнун Орусиянын жана Казакстандын атактуулары көп уюштуруп келет. Алсак, орусиялык ырчылар Тимати жана Ольга Бузова булардын сап башында турат. Ал эми Кыргызстанда акыркы бир жылдан бери бул ыкма өтө кеңири жайылды.

Шоу бизнестен саясатчыларга чейин жеткен Инстаграмдагы ГИВ

Copyright © 2017 Maral FM