Биз менен байланышыңыз

Рекорд: Роналдунун Инстаграмдагы катталуучуларынын саны 200 млн болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 1078 | 0

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Instagram социалдык баракчасында жаңы рекорд койду. Футболчу Инстаграмдагы катталуучусу 200 миллионго жеткен алгачкы колдонуучу болду.

«Ишене албай турам, 200 миллион. Мен күн сайын бул чөйрөдө мага шерик болгондордун ар бирине ыраазычылык билдирем»,- дейт Роналду.

Учурда Роналдудан көбүрөөк катталуучуга Инстаграмдын өзү гана ээ . Анын 330 млн катталуучусу бар.

Италиялык «Ювентус» жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду аталган социалдык тармагында рекорд коюп, лидерликти бербей келүүдө.

Футболчудан кийинки орунда ырчы Ариана Гранде (173 миллион адам катталган) жана актер Дуэйн Жонсон (170 млн) турат.

Кошумчалай кетсек, интернетте көп изделүүчү сөздөрдү изилдеген SEMRush компаниясы, Роналду башка футболчуларга караганда көбүрөөк изделерин айткан. Маалыматка караганда, бир айда орточо 870 миң 500 ирет изделген.

2019-жылдын башында Роналдунун катталуулары 150 миллион адам болчу. Өткөн жылы Инстаграм аркылуу 49,711,188.00 $ киреше тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM