Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык тармак кайсы? (статистика)

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 1817 | 0

Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, Инстаграм — Кыргызстандыктар эң көп катталган социалдык тармак. Мындай маалыматты Светлана Марголис студиясы жарыялады.

Тактап айтканда, Кыргызстанда эң кеңири жана көп колдонулган социалдык тармактардын сап башында Инстаграм турат. Андан кийин Фейсбук, Вконтакте жана Одноклассники социалдык тармактары бар. Сан боюнча статистикасы төмөндөгүдөй:

Фэйсбук – 560 000 (активдүү катталуучу бар)
Инстаграм – 1 700 000 (активдүү катталуучу бар)
Вконтакте – 405 000  (активдүү катталуучу бар)
Одноклассники – 817 000 (активдүү катталуучу бар)

Бул маалыматтар Mytarget рекламалык кабинетиндеги статистикага негизделип алынган жана анда акыркы жети күндө Кыргызстандын аймагында активдүү болгон аккаунттар камтылган.

Copyright © 2017 Maral FM