Биз менен байланышыңыз

Instagram дагы 6 өлкөдө «лайкты» жашырган фунцияны ишке киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 689 | 0

Instagramдын өзгөртүлгөн функциясы боюнча колдонуучулар баракчасына жүктөгөн сүрөт, видеолоруна канча адам же ким «лайк» койгонун өзү гана көрө алат. Мындай функцияны тестирлөө Канадада май айында башталган. Жакында эле бул функция Австралия, Жаңы Зеландия, Ирландия, Италия, Япония жана Бразилия өлкөлөрүндө иштеп баштады. Сыноо иретинде азырынча 7 өлкөдө иштеп жатканын Instagram сервиси Twitter баракчасына жарыялады.

Жаңы функцияны атайын колдонуучулар арасында бири-бирин басынтуунун алдын алуу үчүн ойлоп чыгышкан. Катталуучусу аз адамдар да «лайкты» аз алып калам дебей, аталган кызматты пайдалана берүүсүнө жол ачат дешет.

Ошол эле учурда, колдонуучулардын көпчүлүгү жаңы функцияны жактырбай, эскисин кайтарууну суранышууда.

Постко коюлган «жактыруунун» саны – Instagram’дагы ийгиликтин жана популярдуулуктун көрсөткүчү болуп саналат. Изилдөөлөргө ылайык, бул нерсе көп «лайк» алгандардын өзүнө болгон ишенимин арттыргандай эле, «лайк» ала албагандардын көңүлүн түшүрүшү да аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM