Биз менен байланышыңыз

Жапония: ЮНЕСКОдо катталган Сюри сарайы өрттөнүп кетти [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 747 | 0

Япониянын Окинава аралындагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сюри сарайы дээрлик толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Киодо агенттиги жазды.

Өрт тууралуу маалымат кызматкерлерге 31-октябрь таңга жуук жеткен. Кырсык болгон жерге 30 өрт өчүрүүчү унаалар жиберилген. Өрттү өчүрүү 12 саатка созулган.

Жалын 4 миң квадрат аймакка жайылган. Өрт башкы имарат менен кошо 7 курулушту жок кылды.

Коопсуздук кызматкерлери, өрт алгач комплекстин башкы имаратында башталганын айтышууда.

Япония бийлиги сарайды кайрадан оңдоп-түзөрүн билдирди. Бирок азырынча канчалык деңгээлде чыгым болгону аныктала элек.

Сарай 1945-жылы АКШнын аба соккусу аркылуу буздурулуп, кийин аны кайрадан оңдошуп 1992-жылы ачылышы болгон. Комплекс жалпы 46,17 миң квадрат метр аянтты камтыйт. 2000-жылы сарай ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM