Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда дарактарды кыюуга мораторий жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 612 | 0

Ушул жылдын 1-ноябрынан баштап Өзбекстанда дарактардын кесилишине мораторий жарыяланды. Мындай жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик токой фондуна кирбеген баалуу дарактарды жана карагайларды кыюуга убактылуу тыюу салынды. Документ Мамлекеттик экология комитети, Өзбекстан экологиялык партиясы жана коомчулук тарабынан сунушталган.

Белгилей өтсөк, мораторий 2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин сакталат.

Copyright © 2017 Maral FM