Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги бак-дарактарды бутоо, дарылоо иштери жүрүп жатат

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 381 | 0

Борбор калаадагы бак-дарактар ​​буталып, дарыланып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордогу бак-дарактарды комиссиялык кароодон өткөрүп, андан соң куурай баштаган, куурап калган бак-дарактарга чара көрүү чечимин кабыл алышат.

Учурда Эркиндик бульварынын, Орозбеков, Раззаков, Лермонтов көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө, Элебаев көчөсүндө иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле Чүй, Чынгыз Айтматов, Манас, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Курманжан Датка, 7-апрель, Жибек Жолу проспектисиндеги, Горький, Юнусалиев көчөлөрүндөгү, Жаш Гвардия бульварындагы бак-дарак буталып, дарыланып бүттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM