Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекте 4 миң бакты кыюу пландалган

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2019 | 642 | 0

Быйыл Бишкек шаарында 4 миң бак даракты кыюу пландалган. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолдорду кеңейтүү максатында бактар кесилет деп жатат. Бирок бактарды сактап калуу керек. Ошол эле учурда жолду дагы кеңейтүү зарыл.

-Азыркы тапта Бишкек шаарында экология өтө кооптуу, бузулуп жатат. Анткени шаарда адамдар көп отурукташкан. Бул болчу нерсе жана боло берет. Ошол эле учурда Бишкекте унаалар да көбөйгөн. Алардан чыккан түтүн шаардын үстүн каптап жатат. Мындан кутулуу үчүн бактарды сактап калышыбыз керек. Азыркы учурда 4 миң бакты кыюу боюнча долбоорго киргизишиптир. Анын ичинде бадал, кичүү жана чоң бактар, кулачу, чириген, жаш, былтыр тигилген бактар бар. Буга биз каршы болуп жатабыз. Ага альтернатива боло турган жолдорун издөөдөбүз.

Ырысалы Жаналиев кошумчалагандай, кыйыла турган бактарды карап чыгуу боюнча мэрия курулуш башкармалыгы менен атайын комиссия түзүлөт. Андан соң кыюуга негиз болгон бактарды алууга уруксат берилмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM