Биз менен байланышыңыз

Пакистан: Поезддеги өрттөн 73 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 740 | 0

Пакистандын Пенджаб аймагында поездде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 73кө жетти. Дагы ондогон адамдар оор жаракат алышкан. Бул тууралуу Geo TV телеканалы билдирди.

Буга чейин 62 адамдын каза тапканы айтылган болчу.


Пакистан: Поезд өрттөнүп, 62 адам өлдү. Поезд дагы деле токтой элек


Поезд Карачи аймагынан Равалпиндиге бара жаткан. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрт тамак даярдоо үчүн колдонулган газ баллонунун жарылышынан улам келип чыккан. Күбөлөр өрт алган 3 вагонду каптаганын айтууда.

Пакистандын темир жолдор министри Шейх Рашид Ахмаддын айтымында, адамдардын көпчүлүгү жүрүп жаткан поездден секирип түшүү аракети учурунда жан берген. Жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү диний конференцияга бара жатканын айтты.

Азырынча өлүктөрдүн өздүгү тактала элек. Саламаттыкты сактоо министри билдиргендей, денелердин көпчүлүгү күйүп калгандыктан өздүгүн тактоо кыйын болууда. Алар ДНК тести аркылуу такталарын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM