Биз менен байланышыңыз

Пакистан: Поезд өрттөнүп, 62 адам өлдү. Поезд дагы деле токтой элек

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 3274 | 0

Пакистандын Пенджаб аймагында поездде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 62ге жетти. Дагы ондогон жаралуулар бар экендигин Geo TV телеканалы билдирди.

Буга чейин 40 адамдын каза тапканы айтылган болчу.

Поезд Карачи аймагынан Равалпиндиге бара жаткан. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрт газ баллонунун жарылышынан улам келип чыккан. Күбөлөр өрт алгач 3 вагонду каптаганын айтышкан.

Пакистандын темир жолдор министри Шейх Рашиддин айтымында, адамдардын көпчүлүгү жүрүп жаткан поездден секирип түшүү аракети учурунда жан берген.

Азырынча өлүктөрдүн өздүгү тактала элек. Саламаттыкты сактоо кызматы билдиргендей, денелердин көпчүлүгү күйүп калгандыктан өздүгүн тактоо кыйын болуп жатат.

Поезд кыймылын жакынкы бир саат аралыгында токтотуу мүмкүнчүлүгү айтылууда.


Пакистан: Поезддеги өрттөн 73 адам каза болду

Copyright © 2017 Maral FM