Бишкекте поезд тепсеп кеткен пакистандык студент каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан эл аралык университетинин 2-курсунун студенти Рамзан Мухаммадды 11-декабрда Лев Толстой көчөсүнөн поезд тепсеп кеткен.
Бул факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, учурда Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлү астында тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.