Биз менен байланышыңыз

Чүйдө поезд маршрутка менен кагылышып, бир аял каза болду

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 575 | 0

Чүйдүн Беловодск айылында поезд маршруттук кичи автобус менен кагылышып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди. Окуя кечээ кечке жуук катталган.

Поезд эл ташып бараткан кичи автобус менен кагылышып, бир канча жүргүнчү кысылып калган. Кырсык болгон жерге келишкен ӨКМдин куткаруучулары аларды чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыкта бир аял каза болгон. 12 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышып, Москва райондук ооруканасына жаткырылган. Кырсыктын чоо-жайы териштирилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM