Биз менен байланышыңыз

ӨКМ өкүлү: Баткенде азык-түлүк жетиштүү

Кыска кабар , Пикирлер | 4 мая 2021 | 796 | 0

Өкмөт баткендиктерге Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан азык-түлүк бөлүп бергенге даяр. Бул туурасында ӨКМдин оорук башкармалыгынын башчысы Алтын Абылаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Өкмөт тиешелүү буйрук камдады.

«Анын негизинде Матрезерв фондунан Баткен элине 200 тонна 1 -сорттогу ун,  30 тонна кумшекер, 30 миң литр өсүмдүк майын берүү каралды. Бирок учурда гумжардамдардын эсебинен Баткенде азык-түлүк көп болуп жаткандыктан, бул ишти токтотуп турабыз. Эгер «жеткиргиле» деген команда түшсө, жеткирип беребиз. Бирок учурда Баткенде топтолгон азык-түлүк камылгасы үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин жетет», — дейт Абылаев.

Copyright © 2017 Maral FM