Биз менен байланышыңыз

Кичинекей балдар чогулткан каражаттарын Баткенге жардам катары беришүүдө

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 581 | 0

Баткенде, чек арадагы окуядан жабыр тарткандар үчүн, өлкөнүн башка аймактарынан кичинекей жаш балдар чогулткан акчасын жиберишүүдө. Балдардын жардамын Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча комиссиясы кабыл алды.

Аты-жөнү белгисиз эки баланын топтогон 3215 сом каражаты өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулду.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572 миң 931 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Анын 515 миң 81 тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57 миң 850 тоннасы кампада сакталууда. Гуманитардык жардам катары негизинен азык-түлүк, кийим-кече, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар келүүдө.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11684805,92 сом которулган.

Copyright © 2017 Maral FM