Биз менен байланышыңыз

Ирандан беш кыргызстандык жана гуманитардык жүк келди

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 610 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында, чек аралар убактылуу жабылгандыгына жана эл аралык аба каттамдарынын токтогондугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу кабыл алынган карантиндик чаралардан улам чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын алып келүү иштеринин алкагында Ирандын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик аба каттамы менен беш мекендешибиз жана гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Гуманитардык жүктү берүү расмий салтанаты «Манас» эл аралык аэропортунда Cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшеновдун жана Кыргызстандагы Ирандын элчиси Саид Харазинин катышуусунда өттү.

Берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат.

Өкмөт өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү.

Copyright © 2017 Maral FM