Connect with us

ӨКМ: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Кыска кабар | 9 Май 2020 | 993 | 0

Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн аймагында жакынкы бир сааттарда катуу шамал болушу мүмкүн. Эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы бүгүн, 9-майда таратты.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетиши күтүлүүдө. ӨКМ жашоочуларды сак болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM