Биз менен байланышыңыз

ӨКМ имараттан боюн таштаган жигит боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 405 | 0

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жаран боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үн катты.

Малыматка ылайык, саат 12:30дарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет көрүп жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир тез жардам бригадасы барган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп, сактап калууга аракет кылышкан.

Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору көндүрүп, жаран аларды көздөй бет алган. Бирок, күтүүсүздөн бурулуп, 9-кабаттан секирип кеткен.

Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт.

Окуя Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулушу бүтө элек имаратта катталган.

Copyright © 2017 Maral FM