Биз менен байланышыңыз

ӨКМдин кызматкерлеринин 80 %ы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 500 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин 80%ы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 50%ы экинчи дозасын алды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягына чейин жеке курамдын 90%ын камтуу пландалууда.

Эске салсак, 20-августка карата өлкө боюнча жалпы 622 миң 845 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 323 миң 237 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM