Биз менен байланышыңыз

Баткендиктерге жардам катары ӨКМ ачкан эсепке канча каражат түшкөнү айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 4 мая 2021 | 1209 | 0

Баткендиктерге жардам берүү максатында ӨКМ ачкан атайын эсепке 1 млн 88 миң 651 сом түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук башкармалыгынын башчысы Алтын Абылаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул сумма күндөн-күнгө өсүп келатат. Топтолгон каражат үйсүз калган жарандарга үй салып берүүгө жумшалат.

«Кагылыштан улам жарандарыбыз үйсүз калышты. Аларды калыбына келтирүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Азыр чыгымдарды аныктап атышат.  Аныкталгандан кийин  мамлекет үй куруп берүүгө көмөктөшөт. Жогоруда айтылган атайын эсептен акча ошого жумшалат. Ыктыярдуу түрдө үй салып беребиз дегендер да чыгып жатат. Алар менен да кызматташабыз. Түндө талкаланган үйлөрдү түрттүрүү иштерин жүргүзүүгө 14 оор инженердик техника жөнөттүк. Алар баарын тазалап чыгат», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM