Биз менен байланышыңыз

Новопакровкада жүргүнчүлөрү бар жеңил унаа поезддин астында калды

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 2277 | 0

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жеңил унаа поезддин алдында калды. Кырсыктан үч адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ түштөн кийин катталган. Поезд келе жаткан чакта жеңил унаанын айдоочусу өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок жетишпей калып, поезд унааны сүрүп кеткен. Анын ичиндеги үчөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM