Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда аба жана темир жол байланышы 18-майдан иштей баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2020 | 718 | 0

Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшкөн республикалык атайын комиссиясы кошумча чечимдерди кабыл алды. Чечимге ылайык, 18-майдан тарта Ташкент менен Нукус, Ургенч, Термез шаарларынын ортосундагы аба каттамы жанданат.

Мындан тышкары «Афросиёб» жогорку ылдамдыктагы поезддер Навои, Бухара жана Карши шаарларына, ал эми кадимки поезддер Фергана өрөөнүнө каттап баштайт.

Муну менен катар эле тиешелүү ведомство жана физикалык жактар карантиндин бардык эрежелерин сактоого милдеттүү. Атайын комиссия карантин учурунда аба жана темир жол транспортундагы кызмат көрсөтүү, эрежелерди сактоо боюнча убактылуу жобо бекитти. Талаптарды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат.

Эске салсак, 13-майда Ташкентте президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында карантин талаптарын жеңилдетүү боюнча видео-конференция болуп өтүп, анда транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү маселеси каралган.

Бүгүн, 15-майда, Өзбекстанда Коронавирустун жайылышын алдын алуу, иш-чаралар программасын даярдоо боюнча атайын республикалык комиссия карантинди 1-июнга чейин узартуу боюнча чечим кабыл алды. Ошол эле учурда бир катар карантиндик шарттарды жеңилдетти.

Copyright © 2017 Maral FM