Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Ысык-Көлгө арзан поезд каттай баштады

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 701 | 0

Жайкы туристтик сезондун ачылышы менен бүгүн, 14-июндан тарта «Бишкек-Балыкчы», «Балыкчы-Бишкек» туристтик поезд каттамы жүрүп баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме жайкы туристик мезгилде Бишкектен Ысык-Көлгө поезд менен каттоо жарандар үчүн абдан ыңгайлуу жана арзан экенин белгилешет.

«Темир жол унаасынын кызматынан пайдаланыңыздар — темир жол менен жүрүү арзан жана коопсуз!», — деп айтылат маалыматта.

Каттам 14-июндан 14-июлга чейин, жума, ишемби, жекшемби күндөрү жүрүп турат. Ал эми 15-июлдан тарта 8-сентябрга чейин күн сайын каттайт.

№ 608 «Бишкек — ​​Балыкчы» поезди «Бишкек-1» (Пишпек) темир жол бекетинен жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6дан 25 мүнөт өткөндө чыгып, Балыкчы бекетине түшкү саат 11ден 20 мүнөт өткөндө жетет. Ал эми № 609 «Балыкчы — Бишкек» поезди «Балыкчы» бекетинен жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 5тен 8 минут өткөндө чыгып, «Бишкек-1» бекетине кечки саат 9дан 58 мүнөт өткөндө келет.

Билет баасы чоңдор үчүн — 69 сом, ал эми 10 жашка чейинки балдар үчүн — 34 сом.

Copyright © 2017 Maral FM