Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» Орусиядан 100 вагон сатып алат

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 370 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы ички каражаттын эсебинен «Алтай Вагон» ачык акционердик коомунан 100 даана вагон сатып алат. Бул тууралуу 11-ноябрда ишкананын расмий сайтына жарыялады.

Вагондордун 50сү 2021-жылдын аягына чейин, калган 50сү 2022-жылдын биринчи кварталында келет.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча улуттук лизинг корпорациясы менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Анда ишкананын техникасын жаңыртуу, локомотив, вагон, атайын жабдуулар менен камсыздоо маселеси каралган.

Мындан тышкары ички бюджеттин эсебинен 20 км темир жолду оңдоо үчүн 2647 тонна темир рельс сатылып алынган. Жакынкы арада рельстерди алмаштыруу иштери 148-разъезд менен Кыямат – Кырколдун ортосундагы тилкеден башталат.

Copyright © 2017 Maral FM