Биз менен байланышыңыз

«Кыргызнефтегаз» менен «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусиянын менчигине өтөбү?

Саясат | 15 Апр 2019 | 2125 | 0

«Кыргызнефтегаз» ишканасы менен «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусияга өтөт», — деген сөздөр кийинки күндөрү социалдык тармактарда көбүрөөк айтыла баштады. Бул багыттагы сүйлөшүүлөр 2017-жылдары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эле башталган. Бирок, маселе кайрадан 2019-жылы жанданып, Орусия менен аталган багыттар боюнча кызматташуу үчүн документтерге кол коюлуп жатат. Бул жерде чындап эле кызматташуу маселеси каралганбы, же стратегиялык ишканаларды Орусия өзүнүн менчигине өткөрүп алууну көздөйбү?

«Кыргызнефтегаз» менен «Кыргыз темир жолу» ишканалары сатылып жатат. Бул маалыматты депутаттар өздөрү айткандан чочулап, жарандык активисттерге билдирип жатканын коомдук активист Гүлжигит Исаков «Маралга» кабарлады. Ал депутаттар бул көйгөйдү парламенттик жыйынга көтөрүп чыгууга батына албай жатса, башкалар сатыкка даярдап жатканын айтат.

— Депутаттар коркуп өзүлөрү айта албай, бизге чалып жатышат. Ушул жылдын январынан тарта эле «Кыргызнефтегаз» жана «Кыргыз темир жолу» ишканасын сатуу боюнча аракеттер күчүнө кирип, иш кагаздарга кол коюулар жүрүп жатканын айтышты. Негизи бул иштер 2017-жылы эле башталган экен. Булардын максаты: эптеп бир шылтоо таап, эки ишкананы Орусияга сатып жиберүү. Кызматташуу деп калп эле элди алдап жатышат, түпкүлүгүндө, ачык акционердик коом кылып, менчикке өткөрүп коюшат. Ошондо биз эч нерсе кыла албай калабыз.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусияга сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди. Анын пикиринде, мамлекеттик ишкананын башка өлкөгө менчикке өтүп кетүүсү акылга сыйбаган иш. Бул жерде болгону Орусия менен Кыргызстандын биргелешип иш алып баруусу үчүн президенттер ортосунда меморандумга гана кол коюлган.

— Биз буга чейин да атайын жыйын өткөрүп, коомчулукка жооп бергенбиз. «Кыргыз темир жолу» эч качан сатылбайт. Бул — cөз акылга сыйбаган нерсе. Себеби, мамлекеттик ишкана кантип башка өлкөгө сатылып кетсин? Болгону, Орусиянын темир жолу менен биздин темир жол ишканалары биргеликте иш алып барышууда.

Ал эми «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Мелис Тургунбаевге кайрылганыбызда, кызматка жаңы келгендиктен, бул жаатта эч кандай маалыматы жок экенин билдирди.

— Бул иштер туурасында менин кабарым жок. Бардыгын өкмөт билет, алар бул багыттагы иштер менен алектенишүүдө.

ЖКнын V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков «Кыргыз темир жолу» боюнча Кытай менен бир гана Кыргызстан эмес, Орусияга да сүйлөшүү укугу берилгенин айтып, улуттук кызыкчылык эске алынышы керектигин белгилейт.

— Өткөндө өкмөт башчынын, «Кыргызнефтегазын» Орусиянын «Газпромуна» кошобуз», — дегенин туура көргөн жокмун. Эмнеге бардыгын  орустар башкарып, сатып ала бериши керек? Биздикилер коркоктук кылып жатышкандай. Ал эми кокус «Кыргыз темир жолу» ишканасы сатылып кетсе, кийин тарыхка кантип жооп беришет? Улуттук кызыкчылык деген бар го, ошону деле ойлошпойбу?

Өткөн аптада Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестиялар боюнча жол картасы» бекитилген. Анда «Кыргызмунайгаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» өткөрүп берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон. Бирок өкмөт «Кыргызмунайгаздын» активдери орусиялык «Газпромго» кандай шарттар менен берилип жатканын азырынча түшүндүрө элек. Маселе тууралуу өкмөттүн так позициясын угуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Copyright © 2017 Maral FM