Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Айрым мамлекеттик органдар аткезчиликти жойбой, уктап жатышат

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 667 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагына кирип жаткан аткез товарларга бөгөт коюу үчүн толук чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Аткезчиликтин айынан мыйзам сактап иштеген ишкерлерибиз зыян тартууда, республикалык бюджетке акча түшпөй калуу байкалууда. Ошондой эле, жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар жетиштүү чараларды көрбөстөн, ачык эле «уктап жатышат», — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле, тиешелүү органдардын кызматтык милдеттерин аткарууда шалаакылык бар экенин, аталган ишке өздөрүнүн да катышкан учурлары болгону өкүндүрө турганын билдирди.

Мындан сырткары, өкмөт башчы аткезчилик жүктөрдү ташуу маселесине чекит коюш үчүн көзөмөлдү катаалдатып, автоматташтырылган тутумду киргизүү боюнча тиешелүү чараларды күчөтө турганын айтты.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салуу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Ошондой эле, премьер-министр аткезчилик жүктөр темир жол аркылуу келет деген да маалымат бар экендигине токтолуп, фактылар ырасталса, «Кыргыз темир жолунун»  жетекчилиги да жеке жоопкерчилик тарта тургандыгын эскертти.

 

Copyright © 2017 Maral FM