Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Акрам Мадумаров чек ара маселесин талкуулады

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 713 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков менен вице-премьер-министр Акрам Мадумаров онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар кандай талаш-тартыштарга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жакынкы мезгилге өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мерчемделген.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүүнүн маанисине токтолду.

Мамлекет башчысы калкы катаал шартта жашап жаткан Баткен облусун өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM