Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Саламаттыкты сактоо тармагын сөзсүз реформалоо керек

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 712 | 0

Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт тарабынан даярдык башталган. Өзгөчө лабораториялык кызматтарды өнүктүрүү боюнча иш алып барылып жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз иш алып барылып, алардын сунуштары эске алынууда.

 Учурда лабораториялык жабдыктарды бюджеттин эсебинен сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө. Рентген аппараттарды жана компьютердик томографтарды  аймактарга орнотуу боюнча иштер да жүрүүдө. Ошол эле учурда ооруканалар салынып, айрым ооруканаларда оңдоп-түзөө иштер жүрүп жатат, — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал ооруканалар курулган менен аларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси чыгып жатканын, ага финансылык каржылоо керектигин жана бул чоң комплекстүү иштин үстүнөн өкмөт иштеп жатканын айтты.

Исмаилова билдиргендей, коронавирус менен күрөшүп жатып санитардык-эпидемиологиялык кызматтын деңгээли да көтөрүлүп жатат. Ошондой эле пандемия саламаттыкты сактоо тармагында болгон бүт кемчиликтерди ачыктады.

«Ошондуктан саламаттыкты сактоо тармагын сөзсүз реформалоо керек» , — деди Исмаилова.

Copyright © 2017 Maral FM