Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова: Эпидемиологиялык абал турукташтырылды деп айтууга эрте

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 1024 | 0

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал салыштырмалуу басаңдады, бирок турукташтырылды деп айтууга азыр эрте. Мындай пикирин вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда абалды турукташтыруу боюнча Республикалык штабдын деңгээлинде иштер жүрүп жатат.

Азыркы учурда өкмөт менен илимий топ биргелешип алдын ала божомолдорду жасап жатабыз. Мына ошол божомолдоонун негизинде гана жалпы абал кандай экендигин айта алабыз. Бул боюнча тиешелүү адистер эл аралык изилдөө уюмдары менен иштеп жатышат, — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал мына ошол божомолдоонун негизинде план түзүлө турганын билдирди.

Мындан сырткары, ал баардык тармактагы ар бир мамлекеттик орган абалды турукташтыруу боюнча биргелешип иш алып барып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM