Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров шайлоого сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 780 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштерине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир нече шайлоо учстокторун кыдырып чыгып, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешти.

Акрам Мадумаров алдыдагы шайлоо процессине сапаттуу даярдык көрүүнү белгиледи.

«Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл. Даярдык көрүү мезгилинде бардык шайлоо участкалары, анын ичинде алыскы райондордо жайгашкан участоктор тийиштүү материалдык-техникалык база жана интернет менен камсыздалышы керек. Коронавирус пандемиясы шартында шайлоо участокторунда санитардык коопсуздук талаптарын камсыздоо жана анын сакталышына өзгөчө көңүл бурулушу керек», — деди вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM