Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасы эми акционердик коом болот

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 997 | 0

Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасын акционердештирүү иштери башталды. Аталган мекемени 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча өкмөттүн протоколдук тапшырмасы берилген. Бул тууралуу мамлекеттик мүлк фондунун чарбалык коомдор менен иштөө башкармалыгынын башчысы Канат Рыскулов билдирди.

Кабыл алынган долбоордун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Транспорт жана жолдор министирлиги жана Кыргыз Темижолу мамлкекеттик иш канасы тарабынан иш чаралар жургузүлүүдө.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы ачык акционердик коомго айланса, инвестиция тартып, башкаруу ишин жакшыртууга шарт түзүлөрүн айтты. Алгач мекемедеги мүлк эсептелинип чыгылып, эксперттер чакырылат.

Кошумчалай кетсек, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тапкан кирешесинин жарымын гана мамлекетке салык катары төгөт. Бирок кийинки жылдары ишкананын кирешеси кескин азайып кеткен. 2014-жылы 1 миллиард сомдон ашык пайда түшсө, былтыр ишкана 650 миллиондой сом каражат тапкан

Copyright © 2017 Maral FM