Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 703 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол жумушчуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Темир жолчуларынын күнү жана Кыргыз темир жолунун 95 жылдыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өз куттуктоосунда Өкмөт башчысы темир жол транспорту өлкө жашоосунда ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келгенин, 90-жылдардагы өткөөл мезгилдин кыйын шарттарында ушул тармактын жумушчуларынын эмгекчилдиги аркылуу гана темир жолду сактап калууга мүмкүн болгонун баса белгилейт.

Туура 95 жыл мурда, 1924-жылы 8-августта Пишпек станциясына биринчи каттам келген. Ушул күндө тартып Кыргыз темир жолунун тарыхы башталат, ал биздин мамлекеттин тарыхый окуялары менен тыгыз байланышта. 1924-жылы биринчи ирет кыргыз элинин Кыргыз автономиялуу облусу улуттук-аймактык түзүлүшү түзүлгөн. 

Кыргыз темир жолу Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин өзүнчө бир белгиси катары болуп калды”, —  деп айтылат куттуктоодо.

Премьер учурдан пайдаланып, Кыргыз темир жолунун 5 миң адамдан турган жамаатына ишинде чоң ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ден соолук каалаган.

Copyright © 2017 Maral FM