Биз менен байланышыңыз

Президент чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 895 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда өлкөбүздүн сырткы чегин кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу менен чек арачылар элибиздин урматтоосуна ээ болуп жатканы айтылат.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чек арачыларыбыз көптөгөн эрдиктерди жана каармандыкты көрсөткөн.

Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.

Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антына негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем, — деп айтылат куттуктоодо.

Copyright © 2017 Maral FM