Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын Армиясы — өлкөнүн эгемендигин коргогон ишенимдүү тиреги

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 977 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда Кыргызстандын Армиясы — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги экенин белгилейт.

Акыркы жылдары Армияны материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда. Аскердик башкаруу системасын жана куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат.

Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аталарыбыздын даңктуу жолун жана аны уланткандарды терең таазим менен эстейбиз. Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз, — деп айтылат куттуктоодо.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү 1992-жылдын 29-майында өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаевдин жарлыгы менен түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM