Биз менен байланышыңыз

2020-жыл Кыргызстан-Орусия кайчылаш жылы

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 1159 | 0

2020-жыл Кыргызстанда Орусия жана Орусияда Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланды. Мындай чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө башчылары тарабынан кабыл алынган.

30-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Анда президент 2019-жыл эки өлкө үчүн жемиштүү жылдардан болгонун, 2020-жылды Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылы деп жарыялоо анын далили экендигин белгиледи.

Михаил Швыдкой да бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экендигин жана бул нерсе мамилелерди андан ары тереңдетерин кошумчалады.

«2020-жылды Кыргызстан жана Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө алдында символикалуу мааниге ээ», — деди Швыдкой. Орусияда расмий түрдө Кыргызстан жылы 2020-жылдын февраль айынын аягында башталат.

Анын атымында, бул Орусия үчүн КМШга мүчө өлкөлөрдүн ичинен акыркы 13 жылдан берки алгачкы Кайчылаш жыл болот.

Copyright © 2017 Maral FM