Биз менен байланышыңыз

«2-3 күндө коронавируска каршы вакцина келери күтүлүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2021 | 1215 | 0

Кыргызстанда 2-3 күндө коронавируска каршы вакцина келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эмдөө апрель айынын башында жасалышы мүмкүн.

Биринчи этапта медицина кызматкерлери, социалык кызматкерлер эмделет.

Калкты вакцинага ишендирүү маселеси каралган. Вакцина келгенде акциялар өткөрүлөт. Алгачкылардан болуп, министрликтин өкүлдөрү да эмдөөдөн өтүшөт.

«2-3 күндө вакцина алып, четинен эмдөө процессин баштайбыз. Бирок вакцина талаш оокат болуп жатат. Аларды сынап көрүп, жыйынтыктары менен таанышып, вакцинаны тандап алууга мүмкүнчүлүк бар. Анткени каражат маселесинде өнөктөштөр менен макулдашып, даяр турабыз. Ошол эле учурда жаңы чыгып жаткан вакциналардын өнүмдөрүн алып чыгууга убакыт керек болууда. Орусиянын вацинасынын 10 млн дозасы гана чыкты, алар 100 млн калкын эмдеши керек. Мүмкүнчүлүктөр чектелүү болууда», — дейт Үсөнбаев.

Үсөнбаев: 2 млн 400 миң доза вакцина келет

Copyright © 2017 Maral FM