Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын атын колдонуп алдамчылык кылгандар көбөйдү

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 206 | 0

Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык фактыларына туш болгон жарандар кайрылып жатышканын билдирди.

Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.

Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбайт, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбайт. Буга байланыштуу, башкы банк жарандарды жеке маалыматтарын бербөөнү эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM