Биз менен байланышыңыз

Айылдык кеңештин депутаты жасалма аттестат колдонууга шектелүүдө

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 187 | 0

УКМК Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты К.У.К.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (атайылап жасалма расмий документти пайдалануу) каралган кылмышты жасоого шектүү катары  иш козгоду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.У.К. 2020-жылы Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы Б.Мамбетов атындагы орто мектеп тарабынан берилген орто билими тууралуу жасалма аттестатка ээ болгондугу аныкталган. Ал бул документти 2021-жылдын январь айында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталып жатканда колдонгон.

Мындан улам, толук орто билими жок К.У.К. Тоң районунун аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары мыйзамсыз катталып, кийин Болот Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM