Биз менен байланышыңыз

БШК Мадумаровдун мандаты боюнча маселени карайт

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 298 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун мандатын алуу же калтыруу маселеси бүгүн каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Жыйын саат 16:00гө белгиленген.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.

Соттун маалыматы боюнча, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.

Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM