Биз менен байланышыңыз

БШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 323 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун ишин карап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн талкуулады. Жыйынтыгында Мадумаровду мандатынан ажыратты.
Мындай чечимди БШКнын 12 мүчөсү колдоду.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.

Соттун маалыматы боюнча, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.

Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM