Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 184 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл республиканын жалпы билим берүү уюмдарында «Акыркы коңгуроо» салтанаты 25-майда өтө тургандыгын маалымдады.

Мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күнү-түнү күзөт уюштурат. Мектептердин аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.

Билим берүү минитсрлиги бул буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарынан бошотулушу мүмкүн экенин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM